73-статья. Карызкордун эмгек акысына жана кирешелеринин башка түрлөрүнө өндүрүп алууну буруу
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Карызкордун эмгек акысына жана кирешелеринин башка түрлөрүнө өндүрүп алууну буруу мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алууда, эки эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмүнөн ашпаган сумманы төлөтүп алууда, карызкордун мүлкү жок болгондо же өндүрүлүүчү сумманы толук тындыруу үчүн карызкордун мүлкү жетишсиз болгон учурда бурулат.
2. Кармап калуу өлчөмү карызкордун эмгек акысына (кирешесинен), бул эмгек акыдан (кирешеден) салыктарды жана башка милдеттүү чегерүүлөрдү кармап калгандан кийинки суммадан эсептелет.
3. Жумуш берүүчүлөр соттук аткаруучунун талабы боюнча жана белгиленген мөөнөттө аларга карызкор иштеп жаткандыгы жана бардык түрдөгү бир жолку төлөп берүүлөрдү камтуу менен анын айлык эмгек акысынын суммасы жөнүндөгү маалыматты берүүгө милдеттүү. Ушул эле тартипте соттук аткаруучу карызкорго тиешелүү болгон автордук укукту жана интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануу үчүн сый акылар жөнүндөгү маалыматтарды да талап кылып алат.
4. Карызкордун эмгек акысына өндүрүп алуу бурулган учурда (анын ичинде бир нече аткаруу документтер боюнча) өндүрүлүп алынуучу сумма толук тындырылып бүтмөйүнчө эмгек акысынын жана ага теңештирилген төлөмдөрдүн жана акылардын 50 пайызы анын өзү үчүн сакталууга тийиш.
5. Ушул статьяда белгиленген эрежелер карызкорго тийиш болгон:
1) кооперативдеги эмгеги үчүн кирешелерден;
2) мыйзамдарда белгиленген тартипте же патент берилген өзүнүн автор катары автордук укугун жана интеллектуалдык менчик объекттерине карата укугун пайдалангандыгы үчүн сыйлык акылардан;
3) стипендия, пенсия, жөлөкпулдардан өндүрүп алууну бурууда колдонулат.
6. Карызкордун эмгек акысына же кирешелеринин башка түрлөрүнө өндүрүп алууну бурууда соттук аткаруучу ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен токтом чыгарат, анда өндүрүп алуучунун пайдасына ага таандык сумманы толук өндүрүү үчүн кармап калуу ай сайын кандай өлчөмдө жүргүзүлүшү керектиги жана аны аткаруу документтери менен кошо карызкор эмгек мамилелеринде болгон же алардан сый акы ала турган жумуш берүүчүгө же органга аткаруу үчүн жиберет.
7. Карызкор иштен бошогон учурда аны менен эмгек мамилелеринде болгон жумуш берүүчү үч күндүн ичинде соттук аткаруучуга кармап калынган суммалар жөнүндө белги коюу менен аткаруу документин тиркөөгө тийиш жана карызкордун жаңы иштеген жери жөнүндө эгерде ага белгилүү болсо, билдирүү жиберет.
Жашаган же иштеген жерин которгон учурда карызкор соттук аткаруучуга өзүнүн жаңы дарегин жана жаңы иштеген жерин, ошондой эле жаңы же кошумча эмгек акылары (кирешелери) жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-73" title="73-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>