# 71-статья. Карызкор-уюмдун же жеке ишкердин мүлкүнө камак салуу жана аны сатуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 71-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-71

---

Карызкор-уюмдун же жеке ишкердин мүлкүнө камак салуу жана аны сатуу төмөнкүдөй кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт:

1) биринчи кезекте - карызкордун ишке түздөн-түз катышпаган мүлкү: баалуу кагаздары, карызкордун депозиттик жана башка эсеп-кысабындагы акчалай каражаттары, валюта баалуулуктары, баалуу металлдардан, асыл таштардан жана берметтен жасалган зергердик жана башка буюмдары, ошондой эле алардын сыныктары жана мындай буюмдардын айрым бөлүктөрү, антиквариат, сүрөт жана скульптура чыгармалары, жеңил транспорт, офистерди жасалгалоо буюмдары жана башкалар;

2) экинчи кезекте - даяр продукция (товарлар), ошондой эле ишке түздөн-түз катышпаган же түздөн-түз катышууга арналбаган башка материалдык баалуулуктар;

3) үчүнчү кезекте - ишке түздөн-түз катышууга арналган кыймылсыз мүлктүн объекттери, ошондой эле чийки зат жана материалдар, станоктор, жабдуулар, башка негизги каражаттар;

4) төртүнчү кезекте - ижара (мүлктүк жалдоо) келишими, заем, прокат же башка келишимдер боюнча башка жактарга берилген мүлк;

5) бешинчи кезекте - калган бардык мүлк.

---

Мурунку берене: [70-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-70)  
Кийинки берене: [72-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-72)
