71-статья. Карызкор-уюмдун же жеке ишкердин мүлкүнө камак салуу жана аны сатуу тартиби
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
71-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 71-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Карызкор-уюмдун же жеке ишкердин мүлкүнө камак салуу жана аны сатуу төмөнкүдөй кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт:
1) биринчи кезекте - карызкордун ишке түздөн-түз катышпаган мүлкү: баалуу кагаздары, карызкордун депозиттик жана башка эсеп-кысабындагы акчалай каражаттары, валюта баалуулуктары, баалуу металлдардан, асыл таштардан жана берметтен жасалган зергердик жана башка буюмдары, ошондой эле алардын сыныктары жана мындай буюмдардын айрым бөлүктөрү, антиквариат, сүрөт жана скульптура чыгармалары, жеңил транспорт, офистерди жасалгалоо буюмдары жана башкалар;
2) экинчи кезекте - даяр продукция (товарлар), ошондой эле ишке түздөн-түз катышпаган же түздөн-түз катышууга арналбаган башка материалдык баалуулуктар;
3) үчүнчү кезекте - ишке түздөн-түз катышууга арналган кыймылсыз мүлктүн объекттери, ошондой эле чийки зат жана материалдар, станоктор, жабдуулар, башка негизги каражаттар;
4) төртүнчү кезекте - ижара (мүлктүк жалдоо) келишими, заем, прокат же башка келишимдер боюнча башка жактарга берилген мүлк;
5) бешинчи кезекте - калган бардык мүлк.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
71-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-71" title="71-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>