# 7-статья. Соттук аткаруучулардын ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 7-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-7

---

1. Соттук аткаруучулардын ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Соттук аткаруучуларга класстык чендер берилет, ченди берүүнүн жана андан ажыратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

3. Соттук аткаруучулардын эмгек акысы кызматтык акыдан, класстык чен үчүн үстөк акыдан, көп жылдык кызматы үчүн үстөк акыдан, ошондой эле сыйлык акы жана башка үстөк акылардан турат.

4. Өргүү берүү, пенсия менен камсыз кылуу, ошондой эле үстөк акыларды төлөп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

5. Соттук аткаруучу кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен:

- такси жана жеке автотранспорттон тышкары шаардык, шаардын айлана-тегерегиндеги жана жергиликтүү каттамдагы транспорттордун бардык түрлөрүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте акысыз пайдаланууга;

- кызматтык иш сапарына жөнөтүүдө жол жүрүү документтерин жана мейманканадан орунду кезексиз алууга укуктуу.

6. Депозиттик эсептин тескөөчүсү болуп улук соттук аткаруучу саналат.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-8)
