# 69-статья. Тоорукту болгон жок деп жарыялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 69-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-69

---

1. Соттук аткаруучу төмөнкүдөй учурларда:

1) эгерде тоорукка экиден кем сатып алуучу келсе;

2) эгерде келгендердин эч кимиси мүлктүн алгач коюлган баасына үстөк кошпосо;

3) эгерде сатып алуучу сатып алган мүлкү үчүн сумманы беш күндүн ичинде толугу менен төкпөсө, тоорук болгон жок деп жарыялайт.

Тоорукту болгон жок деп табуу жөнүндө соттук аткаруучу токтом чыгарат.

2. Эгерде тоорук болбой калса, анда тоорук башталганга чейин төгүлгөн сумма, ушул статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасында белгиленген учурлардан тышкары, ал сумма аны төккөн адамдарга кайтарып берилет.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-68)  
Кийинки берене: [70-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-70)
