68-статья. Тоорукту өткөрүү тартиби
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Тоорукка катышууну каалаган адамдар соттук аткаруучуга мүлктүн бааланган наркынын он пайыз өлчөмүндөгү суммасын төгүп берет. Тоорукта утуп алган адамдын төккөн суммасы сатып алуу баасына кошулат. Тооруктун калган катышуучуларына алдын ала төлөнгөн суммалары тоорук аяктагандан кийин дароо кайтарып берилет.
2. Тоорук мүлктүн тизмелөө актысында көрсөтүлгөн бааланган наркынан башталат. Мүлк тоорукта эң жогорку бааны сунуш кылган адамга сатылды деп эсептелет.
Сатып алуучу тоорук бүткөндөн кийин беш күндүн ичинде тоорук алдында төккөн сумманы кошо эсептөө менен мүлктүн сатып алынган суммасын толугу менен берүүгө милдеттүү. Сатып алуучу белгиленген мөөнөттө төлөнүүчү сумманы толугу менен төкпөгөн учурда, анын тоорук алдында төккөн суммасы ага кайтарылбайт жана толугу менен мамлекеттин кирешесине өтөт. Мүлктү сатып алуучу тийиштүү сумманы толугу менен төлөгөндөн кийин соттук аткаруучу ага тоорук болуп өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсүн берет.
3. Белгиленген эрежелерди бузуу, ошондой эле соттук аткаруучу же сатып алуучу тарабынан кыянаттыкка жол берүү менен өткөрүлгөн тоорук, ал өткөндөн кийин бир жылдын ичинде сот тарабынан анык эмес деп табылышы мүмкүн. Эгерде кыянаттыкка жол берген сатып алуучунун иш-аракеттери кылмыш болуп саналса, анда тоорук жазык жоопкерчилигине тартуунун мыйзамда белгиленген эскирүү мөөнөтү өтмөйүнчө сот тарабынан анык эмес деп табылышы мүмкүн.
Тоорук анык эмес деп табуу маселеси боюнча сот актысы мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. (КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
68-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-68" title="68-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>