# 62-статья. Камак салынган мүлктү сатуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2016 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам проведения торгов, аукционов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111363)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/994#diff=885804..885805>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 62-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-62

---

1. Мыйзам боюнча жүгүртүүдөн алып салынган мүлктү кошпогондо, камак салынган мүлктү сатуу камактын негизине жана мүлктүн түрүнө карабастан соттук аткаруучу тарабынан соодалык жана башка адистешкен уюмдар аркылуу, ошондой эле комиссиялык жана башка келишимдик негиздерде электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн болгон тооруктарда (аукциондордо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аткаруу өндүрүшү козголгон күндөн тартып эки айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.

2. Мүлктү сатуу формасын тандоону мүлктүн түрүн, өндүрүп алуучунун жана карызкордун пикирин эске алуу менен соттук аткаруучу аныктайт.

3. Эгерде мүлк эки айлык мөөнөттө сатылбаса, өндүрүп алуучуга бул мүлктү бааланган суммада өзүндө калтыруу укугу берилет. Өндүрүп алуучу мүлктөн баш тарткан учурда ал карызкорго кайра кайтарылат, ал эми аткаруу документи, эгерде карызкордо өндүрүп алуу бурулушу мүмкүн болгон башка мүлк же киреше жок болсо, өндүрүп алуучуга кайра кайтарылат.

4. Өндүрүп алуу бурулган мүлктү сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурга карата карызкордун банкроттугу (кудуретсиздиги) тууралу иш боюнча сот иши козголгон учурда, маңызы боюнча карызкордун банкроттугу (кудуретсиздиги) жөнүндө маселе каралганга чейин мүлктү сатуу токтотулуп турат.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-61)  
Кийинки берене: [63-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-63)
