# 61-статья. Кыймылсыз мүлккө камак салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2006 года № 181 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об исполнительном производстве и о статусе судебных исполнителей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1974)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/994#diff=885809..885801>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 61-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-61

---

1. Өндүрүп алуу кыймылсыз мүлккө бурулган учурда соттук аткаруучу анын карызкорго таандык экендигин же таандык эместигин, анын чыныгы баасын, ага камак салынгандыгын же салынбагандыгын жана ага жүктөлгөн нерселерди айкындайт.

2. Кыймылсыз мүлк карызкорго таандык экендигине ынангандан кийин, соттук аткаруучу өндүрүп алуунун өлчөмүнө жараша кыймылсыз мүлктү бүт бойдон же анын бир бөлүгүн тизмеге кошот, аларга камак салат жана аны каттоо үчүн камак салынгандыгы жөнүндөгү токтомду кыймылсыз мүлктү каттоо органына жөнөтөт, ошондой эле камак салынгандыгы тууралу кыймылсыз мүлк турган жердеги нотариалдык конторага кабарлайт.

3. Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлккө камак салуу жөнүндө соттук аткаруучу тез арада күрөө кармоочуга кабарлайт.

(КР 2006-жылдын 20-ноябрындагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-60)  
Кийинки берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-62)
