# 6-статья. Соттук аткаруучулардын ишин уюштуруу жана контролдук кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 6-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-6

---

1. Соттук аткаруучулар Сот департаментинин директору жана областтык башкармалардын начальниктери тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

2. Сот департаментинин директору кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу, Сот департаментинин областтык башкармаларынын начальниктери - областтардын башкы соттук аткаруучулары болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу жана областтардын башкы соттук аткаруучулары, ошондой эле улук соттук аткаруучулар соттук аткаруучулардын ишине жетекчилик кылат, алардын ишин уюштурат жана контролдойт, сот актыларынын жана башка органдардын актыларынын реалдуу, толук жана өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-7)
