# 59-статья. Карызкордун мүлкүн баалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 59-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-59

---

1. Карызкордун мүлкүн баалоону соттук аткаруучу аткаруу күнүндө колдонулган рыноктук бааларга карата жүргүзөт. Мында өндүрүп алуучу менен карызкордун ортосунда жетишилген баалоо жөнүндө макулдашуу эске алынышы мүмкүн.

2. Эгерде айрым буюмдарды баалоо татаал болсо, болбосо карызкор же өндүрүп алуучу соттук аткаруучу жүргүзгөн баалоого каршы чыкса, соттук аткаруучу баалоону адисти же экспертти тартуу менен жүргүзөт.

3. Валюта түрүндөгү баалуулуктар, баалуу металлдар жана асыл таштар, баалуу металлдардан, асыл таштардан жана берметтен жасалган зергердик жана башка буюмдар, ошондой эле ушундай буюмдардын сыныктары жана айрым бөлүктөрү, антиквариат, сүрөт жана скульптура чыгармалары, баалуу кагаздар адистин же эксперттин милдетгүү түрдө катышуусу менен бааланат.

---

Мурунку берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-58)  
Кийинки берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-60)
