# 57-статья. Мүлктү тизмелөө жөнүндө актынын мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 57-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-57

---

1. Мүлктү тизмелөө жөнүндө актыда:

1) акт түзүлгөн дата, убакыт жана орду;

2) актыны түзгөн соттук аткаруучунун, ошондой эле мүлктү тизмелөөгө катышкан адамдардын фамилиясы, аты-жөнү;

3) чечими аткарылып жаткан соттун аталышы;

4) өндүрүп алуучунун жана карызкордун аталышы;

5) актыга киргизилген ар бир буюмдун аталышы, анын айырмаланган белгилери (салмагы, метражы, эскирүү деңгээли жана башкалар), ар бир буюмдун өз баасы жана бардык мүлктүн наркы;

6) эгерде ал жүргүзүлгөн болсо, буюмдарды мөөрлөп бекитип коюу жөнүндө белги;

7) эгерде мүлктү сактоо милдети карызкордун өзүнө жүктөлбөсө, мүлк сактоого берилген жактын аталышы, анын дареги;

8) карызкорго, далил күбөлөргө жана башка катышуучу адамдарга алардын укуктары менен милдеттерин, соттук аткаруучунун иш-аракеттерине даттануу тартибин жана мөөнөтүн түшүндүрүү тууралу, ошондой эле карызкорго же мүлктү сактоочуга мүлктү сактоо боюнча алардын милдеттерин түшүндүрүү жөнүндө жана өздөрүнө сактоого берилген тизмеленген мүлктү чыгымдагандыгы, оолактаткандыгы же жаап-жашыргандыгы үчүн жоопкерчилик тууралу аларды эскертүү жөнүндө белги;

9) өндүрүп алуучунун, карызкордун, далил күбөлөрдүн жана мүлктү тизмелөөгө катышкан башка адамдардын сын-пикирлери жана арыздары, алар боюнча соттук аткаруучунун буйруктары көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Мүлктү тизмелөө жөнүндө актыга соттук аткаруучу жана мүлктү тизмелөөгө катышкан адамдар кол коет.

3. Мүлктү тизмелөө жөнүндө актынын көчүрмөсү карызкорго жана тизмеленген мүлктү сактоочуга берилет. Эгерде мүлктү тизмелөө мүлктү конфискациялоо жагынан соттун өкүмүнүн же башка органдардын актысынын негизинде болбосо мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө сот актысынын же башка органдын актысынын негизинде жүргүзүлсө, тизмелөө актысы ошондой эле тиешелүү финансы органына жиберилет.

---

Мурунку берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-56)  
Кийинки берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-58)
