# 56-статья. Карызкордун мүлкүн тизмелөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 56-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-56

---

1. Соттук аткаруучу өндүрүп алуучуга берилген сумманы жана аткаруу боюнча чыгымдарды тындыруу үчүн зарыл болгон санда карызкордун мүлкүн тизмелейт. Соттук аткаруучу тизмеленген мүлктү мөөр басып, жаап коюуга укуктуу.

2. Карызкордун мүлкүн тизмелөө карызкордун жана далил күбөлөрдүн, ал эми зарылчылык болгондо ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен жүргүзүлөт. Карызкор жок болгон учурда тизме анын үй-бүлөсүнүн бойго жеткен мүчөсүнүн кимдир-бирөөсүнүн, уюмдун кызмат адамдарынын, ал эми алар жок болгон учурда турак-жай пайдалануу уюмунун ыйгарым укуктуу адамынын, бул уюмдун жооптуу кызматкерлеринин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлөт.

Мүлктү тизмелөөдө карызкор өндүрүп алуу биринчи кезекте кайсы буюмдарга бурулууга тийиш экендигин билдирүүгө укуктуу. Эгерде мындай билдирүү аткаруу өндүрүшүнүн принциптерине жана милдеттерине тоскоолдук кылбаса, соттук аткаруучу мындай билдирүүнү канааттандырат.

3. Тизмеленип жаткан бардык мүлк далил күбөлөргө жана башка катышып жаткан адамдарга көрсөтүлүүгө жана мүлктү тизмелөө актысында саналууга тийиш.

---

Мурунку берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-55)  
Кийинки берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-57)
