# 50-статья. Өндүрүп алууну карызкордун мүлкүнө буруу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 50-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-50

---

1. Жеке же юридикалык жактардан аткаруу документтери боюнча өндүрүп алуу эң оболу карызкордун акча каражаттарына, анын ичинде банктык жана башка кредиттик мекемелердеги акча каражаттарына бурулушу мүмкүн.

2. Карызкордун накталай акча каражаттары алардын сакталган жерине карабастан алар көрсөтүлгөндөн же табылгандан кийин карызкордун макулдугусуз дароо алынып коюлат.

3. Карызкордо карызды тындыруу үчүн жетиштүү акча каражаты болбогон учурда өндүрүп алуу карызкорго таандык болгон баалуу кагаздарга жана башка мүлккө бурулат, буга ушул Мыйзамга ылайык өндүрүп алуу бурулбай турган мүлк кирбейт.

Карызкор өндүрүп алуу биринчи кезекте бурулууга тийиш болгон мүлктүн же буюмдардын түрлөрүн көрсөтүүгө укуктуу. Өндүрүп алууну карызкордун акча суммаларына, баалуу кагаздарына жана башка мүлкүнө буруунун кезектүүлүгүн соттук аткаруучу аныктайт. Эгерде өндүрүп алуунун өлчөмү айлык эмгек акынын же башка эмгек акынын, пенсиянын, жөлөкпулдун же стипендиянын ушул Мыйзам боюнча өндүрүп алуу бурулушу мүмкүн болгон үлүшүнөн ашпаса, өндүрүп алуу карызкордун мүлкүнө бурулбайт.

4. Өндүрүп алуу карызкордун акча суммаларына, баалуу кагаздарына же башка мүлкүнө аткаруу боюнча чыгымдарды эске алуу менен аткаруу документи боюнча аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жана көлөмдө бурулат. Карызкордун менчигинде ага жалпы менчик укугунда таандык болгон мүлк бар болгон учурда, өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган анын үлүшүнө бурулат.

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-51)
