48-статья. Ыктыярдуу аткаруу
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 октября 2014 года № 148
Аткаруу документин аткарууга киришүү менен соттук аткаруучу аны он күндөн ашпаган мөөнөттө (буга ушул Мыйзамдын 33-статьясындагы 2-пунктта каралган тез арада аткаруу учурлары кирбейт) ыктыярдуу аткаруу жөнүндө карызкорго сунушун тапшырат, ага анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, ыктыярдуу аткаруудан баш тартуунун кесепеттери жана мажбурлап аткаруу башталгандыгы тууралу, ошондой эле аткаруу документин аткаруудан кетенчиктегендиги үчүн жоопкерчилик тууралу эскертет. Зарыл учурларда ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту тапшыруу менен бир эле учурда соттук аткаруучу аткаруу документин аткарууну камсыз кылуу максатында карызкордун мүлкүнө камак сала алат. Карызкордун иш жүзүндө турган жери белгисиз болгон учурда, өндүрүп алуучу карызкордун мүлкү турган жердеги соттон өкүлдү дайындоо жөнүндө өтүнө алат жана ага ушул статьяда каралган тартипте аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу тууралу сунуш тапшырылат. Санкцияланбаган митингдердин, жолдорду тосуунун жана имараттар менен курулмаларды басып алуунун мыйзамсыздыгы жана тыюу салынгандыгы жөнүндө соттук актынын негизинде берилген аткаруу документин аткарууда сот аткаруучу адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгон учурларда, билдирүү жол-жобосун аудио- жана (же) видео жазуу менен санкцияланбаган митинг өткөрүп жаткан же жолдорду мыйзамсыз тосуп алган же имараттар менен курулмаларды басып алган адамдарга кабыл алынган сот актысы жөнүндө сот аткаруучусу тарабынан белгиленген тартипте эл алдында билдирилет. Мында үндү катуу чыгаруучу каражаттар (катуу сүйлөткүчтөр) колдонушу мүмкүн. Эл алдында билдирүү жөнүндө аудио-, видео жазууну тиркөө менен акт түзүлөт. Санкцияланбаган митинг өткөрүп жаткан же болбосо жолдорду мыйзамсыз тосуп алган же имараттарды жана курулмаларды басып алган адамдарга билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында же болбосо аткаруу өндүрүшүнүн органдарынын расмий сайтында билдирүүнү жайгаштыруу же болбосо санкцияланбаган митингдин катышуучулары үчүн көрүнүктүү жерлерде жайгаштыруу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Санкцияланбаган митинг өткөрүп жаткан же болбосо жолдорду мыйзамсыз тосуп алган же имараттарды жана курулмаларды басып алган адамдарга эл алдында билдирүү аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту тапшырууга теңдештирилет. (КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
48-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-48" title="48-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>