# 44-статья. Аткаруу өндүрүшүнө далил күбөнүн катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 44-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-44

---

1. Төмөнкүдөй учурларда:

1) өндүрүп алуучунун же карызкордун талабы боюнча;

2) үйгө киргизүү же үйдөн чыгаруу жөнүндө чечимди аткарууда, карызкордун мүлкүн тизмелөө, камак салуу, алып коюу жана анын турак-жайын, имарат-жайларын жана сактоочу жайларын ачуу, карап чыгуу менен байланышкан иш-аракет учурунда;

3) мыйзамдарда каралган башка учурларда далил күбө милдеттүү түрдө катышат.

2. Башка учурларда далил күбөлөр соттук аткаруучунун өз ыктыяры боюнча чакырылат.

3. Аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына кызыкчылыктары жана өз ара же аткаруу өндүрүшүнүн катышуучулары менен туугандыгы жок, ага баш ийбеген же анын контролунда турбаган аракетке жарамдуу бардык жарандар далил күбө катары тартылышы мүмкүн. Далил күбөлөрдүн саны экиден кем болбоого тийиш.

4. Аткаруу иш-аракеттери башталаар алдында соттук аткаруучу аткаруу иш-аракетине далил күбөлөрдүн катышуу тартибин, ошондой эле алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

5. Далил күбө өзү кайсы аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн чакырылып жаткандыгын, алар кайсы аткаруу документтеринин негизинде жүргүзүлүп жаткандыгын билүүгө укуктуу, бул иш-аракеттер боюнча сын-пикирин айтууга укуктуу. Далил күбөнүн сын-пикирлери тиешелүү актыга жазылууга тийиш.

6. Далил күбө өзү катышкан аткаруу иш-аракеттеринин фактысын, мазмунун жана натыйжасын тиешелүү аткаруу иш-аракетинин актысындагы колтамгасы менен күбөлөндүрүүгө милдеттүү.

7. Далил күбө өзү далил күбөнүн милдеттерин аткарышына байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтурууга укуктуу. Бул чыгымдар аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгымдарга кирет.

---

Мурунку берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-43)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-45)
