# 43-статья. Аткаруу өндүрүшүнө котормочунун катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 43-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-43

---

1. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар өз демилгеси боюнча же соттук аткаруучунун сунушу боюнча котормочуну чакыра алат.

Аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына кызыкчылыгы жок, аракетке жөндөмдүү, которуу үчүн зарыл болгон тилди билген бардык жаран котормочу боло алат.

2. Котормочунун кызмат көрсөтүүсү зарыл болгон адамга котормочуну чакыруу мөөнөтү берилет. Эгерде көрсөтүлгөн адам соттук аткаруучу белгилеген мөөнөттө котормочунун катышуусун камсыз кылбаса, котормочу соттук аткаруучунун токтому менен дайындалышы мүмкүн.

3. Котормочу өз эмгеги үчүн акы алууга укуктуу. Ага төлөнгөн акы аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгымдарга кирет.

4. Билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат, бул жөнүндө ал соттук аткаруучу тарабынан жазуу жүзүндө эскертилет.

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-44)
