# 42-статья. Мыйзамдуу өкүлдөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 42-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-42

---

1. Аткаруу өндүрүшүндө эмгекке жараксыз жарандардын жана эмгекке жарактуулугу чектелген жарандардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын өз ыйгарым укуктарын далилдеген документтери бар мыйзамдуу өкүлдөр - алардын ата-энеси, асырап алуучулар, көзөмөлдүк кылуучулар же камкордук көрүүчүлөр коргойт.

Мыйзамдуу өкүлдөр аткаруу укугу сунуш кылынуучуларга таандык болгон бардык иш-аракеттерди сунуш кылынуучулардын атынан мыйзамда каралган чектөөлөр менен аткарат.

2. Белгиленген тартипте дарексиз деп табылган жаран катышууга тийиш болгон аткаруу өндүрүшү боюнча анын өкүлү катарында дарексиз адамдын мүлкү башкарууга берилген жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өкүл болуп дайындалган адамдар чыгат.

3. Эгерде мурасты али эч ким кабыл ала элек болсо, өлгөн же белгиленген тартипте өлгөн деп жарыяланган адамдын мураскору катышууга тийиш болгон аткаруу өндүрүшү боюнча мурасты аткаруучу (сактоочу) же мураска калган мүлктү сактоо жана аны башкаруу үчүн дайындалган камкорчу мураскордун өкүлү катары чыгат.

4. Мыйзамдуу өкүлдөр аткаруу өндүрүшүнө катышууну өкүл катарында өзү тандаган башка адамга тапшыра алат.

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-43)
