# 4-статья. Соттук аткаруучу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 марта 2015 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об исполнительном производстве и о статусе судебных исполнителей в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205478)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/994#diff=885803..885804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 4-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-4

---

1. Соттук аткаруучу - мамлекеттик кызматта турган жана ага мыйзам менен соттук актыларды жана башка органдардын актыларын аткаруу боюнча милдет жүктөлгөн кызмат адамы.

2. Соттук аткаруучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде (мындан ары - Сот департаменти) турат.

3. Соттук аткаруучулардын сот актыларын жана башка органдардын актыларын аткаруу боюнча талаптары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бардык мамлекеттик органдар, чарба жүргүзүүчү субъекттер, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жарандар үчүн милдеттүү.

4. Соттук аткаруучуга мыйзам менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар, документтер жана алардын көчүрмөлөрү анын талабы боюнча акысыз жана белгиленген мөөнөттө берилет.

(КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-5)
