# 39-статья. Тараптардын өкүлдөрүнүн аткаруу өндүрүшүнө катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 39-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-39

---

1. Жарандар аткаруу өндүрүшүнө жеке өзү жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өкүлдөр аркылуу катыша алат. Өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулат. Эгерде аткаруу документи боюнча карызкор жеке өзү гана жасай ала турган иш-аракеттерди жасоого милдеттүү болсо, анда өкүлчүлүккө жол берилбейт.

2. Аткаруу өндүрүшүнө уюмдардын катышуусу мыйзам, устав же тиешелүү тартипте ырасталган жобо тарабынан өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенген алардын органдары же кызмат адамдары аркылуу, болбосо көрсөтүлгөн органдардын жана кызмат адамдарынын өкүлдөрү аркылуу жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-40)
