# 37-статья. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 37-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-37

---

1. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптары аткаруу өндүрүшүнүн материалдары менен таанышууга, алардан көчүрүп жазып алууга, көчүрмөсүн алууга, кошумча материалдарды берүүгө, өтүнүч кылууга, аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүгө катышууга, аткаруу иш-аракеттеринин процессинде оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө, аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелер боюнча өз далилдерин жана пикирлерин айтууга, аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка жактардын далилдерине жана өтүнүчтөрүнө каршы чыгууга, соттук аткаруучуну алмаштырууга арыз берүүгө, аткаруу өндүрүшүнүн бардык маселелери боюнча анын иш-аракеттерине же актыларына даттанууга укуктуу.

2. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптары өздөрүнө берилген бардык укуктарды ак ниеттүү пайдаланууга, ошондой эле аткаруу өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-38)
