# 36-статья. Аткаруу өндүрүшүндөгү тараптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 октября 2014 года № 148 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205369)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/994#diff=885802..885803>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 36-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-36

---

1. Аткаруу өндүрүшүндө өндүрүп алуучу жана карызкор тараптар болуп саналат.

2. Өзүнүн пайдасында же таламында аткаруу документи берилген жеке же юридикалык жак өндүрүп алуучу болуп саналат.

3. Аткаруу документи боюнча аткаруу документинде каралган талаптарды аткарууга милдеттүү жеке же юридикалык жак карызкор болуп саналат.

Белгисиз бир сандагы адамдар сот актысынын талаптарын аткарууга милдеттүү болгон учурларда, бул адамдар карызкорлорго теңдештирилет. Бул адамдарга ушул Мыйзамда каралган карызкордун бардык укуктары жана милдеттери жайылтылат.

4. Аткаруу өндүрүшүнө бир нече өндүрүп алуучу же карызкор катышуусу мүмкүн. Алардын ар бири башка тарапка карата аткаруу өндүрүшүнө өз алдынча катышат же аткаруу иш-аракетине катышууну катышуучулардын бирине тапшыра алат.

(КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-37)
