36-статья. Аткаруу өндүрүшүндөгү тараптар
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 октября 2014 года № 148
1. Аткаруу өндүрүшүндө өндүрүп алуучу жана карызкор тараптар болуп саналат.
2. Өзүнүн пайдасында же таламында аткаруу документи берилген жеке же юридикалык жак өндүрүп алуучу болуп саналат.
3. Аткаруу документи боюнча аткаруу документинде каралган талаптарды аткарууга милдеттүү жеке же юридикалык жак карызкор болуп саналат.
Белгисиз бир сандагы адамдар сот актысынын талаптарын аткарууга милдеттүү болгон учурларда, бул адамдар карызкорлорго теңдештирилет. Бул адамдарга ушул Мыйзамда каралган карызкордун бардык укуктары жана милдеттери жайылтылат.
4. Аткаруу өндүрүшүнө бир нече өндүрүп алуучу же карызкор катышуусу мүмкүн. Алардын ар бири башка тарапка карата аткаруу өндүрүшүнө өз алдынча катышат же аткаруу иш-аракетине катышууну катышуучулардын бирине тапшыра алат.
(КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-36" title="36-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>