# 34-статья. Мөөнөттү эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 34-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-34

---

1. Ушул Мыйзамда каралган мөөнөттөр күн, ай жана жыл менен эсептелет.

2. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн мөөнөт сөзсүз боло турган окуя көрсөтүлүп, так календардык дата же убакыттын мезгили менен аныкталат. Кийинкидей учурда иш-аракет бүткүл мезгилдин ичинде жасалышы мүмкүн.

3. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн мөөнөттүн өтө башташы календардык датадан же башталышы аныкталган окуя болгондон кийинки күнү башталат.

4. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн мөөнөттү эсептөөдөгү күн жыйырма төрт саат деп эсептелет.

5. Айлар менен эсептелген мөөнөт тиешелүү айда жана мөөнөттүн соңку айынын числосунда аяктайт. Эгерде ай менен эсептелген мөөнөттүн аягы тиешелүү числосу болбогон айга туура келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө аяктайт.

6. Жылдар менен эсептелген мөөнөт ошол мөөнөттүн тиешелүү айында жана акыркы жылдын числосунда аяктайт.

7. Мөөнөттүн акыркы күнү иш эмес күнгө туура келген учурда иш эмес күндөн кийинки биринчи жумуш күнү мөөнөт аяктаган күн деп эсептелет.

8. Аткаруу үчүн мөөнөтү белгиленген аткаруу иш-аракети мөөнөттүн акыркы күнүндөгү жыйырма төрт саатка чейин аткарылышы мүмкүн. Бирок эгерде ушул иш-аракет Сот департаментинде же анын аймактык органдарында болбосо жумуш убактысы белгиленген башка уюмдарда, ишканаларда, мекемелерде жасалууга тийиш болсо, анда мөөнөт бул уюмдарда, ишканаларда, мекемелерде иш убактысы бүткөн учурда аяктайт.

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-35)
