34-статья. Мөөнөттү эсептөө
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Ушул Мыйзамда каралган мөөнөттөр күн, ай жана жыл менен эсептелет.
2. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн мөөнөт сөзсүз боло турган окуя көрсөтүлүп, так календардык дата же убакыттын мезгили менен аныкталат. Кийинкидей учурда иш-аракет бүткүл мезгилдин ичинде жасалышы мүмкүн.
3. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн мөөнөттүн өтө башташы календардык датадан же башталышы аныкталган окуя болгондон кийинки күнү башталат.
4. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн мөөнөттү эсептөөдөгү күн жыйырма төрт саат деп эсептелет.
5. Айлар менен эсептелген мөөнөт тиешелүү айда жана мөөнөттүн соңку айынын числосунда аяктайт. Эгерде ай менен эсептелген мөөнөттүн аягы тиешелүү числосу болбогон айга туура келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө аяктайт.
6. Жылдар менен эсептелген мөөнөт ошол мөөнөттүн тиешелүү айында жана акыркы жылдын числосунда аяктайт.
7. Мөөнөттүн акыркы күнү иш эмес күнгө туура келген учурда иш эмес күндөн кийинки биринчи жумуш күнү мөөнөт аяктаган күн деп эсептелет.
8. Аткаруу үчүн мөөнөтү белгиленген аткаруу иш-аракети мөөнөттүн акыркы күнүндөгү жыйырма төрт саатка чейин аткарылышы мүмкүн. Бирок эгерде ушул иш-аракет Сот департаментинде же анын аймактык органдарында болбосо жумуш убактысы белгиленген башка уюмдарда, ишканаларда, мекемелерде жасалууга тийиш болсо, анда мөөнөт бул уюмдарда, ишканаларда, мекемелерде иш убактысы бүткөн учурда аяктайт.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-34" title="34-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>