# 32-статья. Аткаруу иш-аракеттери жүргүзүлүүчү жер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 32-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-32

---

1. Аткаруу иш-аракеттерин соттук аткаруучу карызкордун жашаган жери боюнча же иштеген жери боюнча болбосо анын мүлкү турган жер боюнча жүргүзөт. Эгерде карызкор уюм болуп саналса, анда аткаруу анын органы же мүлкү турган жери боюнча жүргүзүлөт.

2. Карызкорду айрым иш-аракеттерди жасоого милдеттендирген аткаруу документтерин аткаруу ушундай иш-аракеттерди аткаруу жери боюнча соттук аткаруучу тарабынан жүргүзүлөт.

3. Эгерде аткаруу документин аткаруу процессинде карызкордун жашаган жери же иштеген орду, карызкор уюмдун дареги же карызкордун мүлкү турган жер өзгөрүлсө, же өндүрүп алуу үчүн бурууга мүмкүн болгон мүлк мурдагы ордунда жок экендиги же ал өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз экендиги айкын болсо, соттук аткаруучу бул жөнүндө тез арада акт түзөт жана ал түзүлгөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу документин ушул акт менен бирдикте карызкордун жаңы жашап жаткан жери, анын иштеген жери боюнча, карызкор уюмдун жаңы дареги боюнча же карызкордун мүлкү турган жери боюнча соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө жөнөтөт, бул тууралу бир эле учурда өндүрүп алуучуга, сотко же аткаруу документин берген башка органга кабарлайт.

4. Зарылчылык болгон учурда соттук аткаруучу өзүнүн функциялары жайылтылбаган аймакта Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусунун же областтын башкы соттук аткаруучусунун уруксаты менен аткаруу иш-аракеттерин жүргүзө алат.

5. Соттук аткаруучулардын кызматтарынын бөлүмдөрүнүн ортосунда аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү орду жөнүндө талаш-тартыштарга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [312-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-312)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-33)
