# 31-статья. Карызкорду издөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 31-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-31

---

1. Алиментти өндүрүп алуу, баккан адамдын ден соолугуна же өлүмгө учурашынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө аткаруу документтери боюнча, ошондой эле баланы алып коюу тууралу аткаруу документтери боюнча карызкордун турган жери тууралу маалыматтар жок болгон учурда соттук аткаруучу өз демилгеси боюнча же өндүрүп алуучунун арызы боюнча карызкорду издөө жөнүндө ички иштер органдары жана салык полициясы аркылуу карызкорду издөө жарыялоо тууралу соттук аткаруучулардын кызматтык бөлүмдөрү турган жер боюнча сунуш киргизет.

Издөө аткаруу документи аткарыла турган жер боюнча же карызкордун белгилүү болгон соңку жашаган жери (турган жери) же анын мүлкү турган жери боюнча, ошондой эле өндүрүп алуучунун жашаган жери (турган жери) боюнча жарыяланат. Карызкорду издөө боюнча чыгымдар Кыргыз Республикасынын Граждандык процесстик кодексинде каралган тартипте өндүрүлөт.

2. Аткаруу документтеринин башка түрлөрү боюнча карызкорду издөө жагынан чыгымдарды көтөрүүгө өндүрүп алуучунун макулдугу болгон учурда, аны издөө жарыяланышы жана көрсөтүлгөн чыгымдарды ушул Мыйзамдын 90-статьясына ылайык авансылоого мүмкүн.

Мындай учурда өндүрүп алуучу издөө боюнча чыгымдарды карызкордон сот тартибинде талап кылууга укуктуу.

3. Карызкорду издөөдөн баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасы Кыргыз Республикасынын Граждандык процесстик кодексинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-30)  
Кийинки берене: [31-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-31-1)
