# 31-1-статья. Карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-31-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 31-1-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-31-1

---

1. Карызкор тарабынан сот актысынын негизинде берилген же сот актысы болуп эсептелген аткаруу документинде камтылган талаптардын белгиленген мөөнөтү аткарылбаса, соттук аткаруучу карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө жөнүндө өндүрүп алуучунун арызы же өз демилгеси боюнча токтом чыгарууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө жөнүндө токтом улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилет. Көрсөтүлгөн токтомдун көчүрмөсү карызкорго, өндүрүп алуучуга жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.

3. Эгерде аткаруу документи сот актысы болуп эсептелбесе жана сот актысынын негизинде берилбеген болсо, анда өндүрүп алуучу же соттук аткаруучу карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү белгилөө тууралу арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

4. Карызкор тарабынан аткаруу документинде камтылган талаптар аткарылганда, соттук аткаруучу 48 сааттын ичинде Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү жокко чыгаруу тууралу токтом чыгарат. Мында токтомдун улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилиши талап кылынбайт. Токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго жана ыйгарым укуктуу органга жиберилет.

(КР 2009-жылдын 24-декабрындагы № 314 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-31)  
Кийинки берене: [312-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-312)
