# 30-статья. Аткаруу өндүрүшүнүн аякташы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 октября 2014 года № 148 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205369)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/994#diff=885802..885803>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 30-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-30

---

Аткаруу өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда:

1) аткаруу документи иш жүзүндө аткарылганда, ал эми санкцияланбаган митингдердин, жолдорду тосуунун, имараттарды жана курулмаларды басып алуунун мыйзамсыздыгы жана тыюу салынгандыгы жөнүндө соттук актылардын негизинде берилген аткаруу документтерин аткарууда, - соттук актынын кабыл алынгандыгы жөнүндө эл алдында билдирген учурдан тартып;

2) аткаруу документи аткарылбастан соттун же документти берген башка органдын, болбосо өндүрүп алуучунун талабы боюнча кайра кайтарылганда;

3) ушул Мыйзамдын 29-статьясынын 1-пунктунун 1, 3-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча аткаруу документтери кайра кайтарылганда;

4) аткаруу өндүрүшү токтотулганда;

5) аткаруу документин соттук аткаруучулардын кызматтык бир бөлүмүнөн аймагы боюнча аткаруу үчүн башкасына жөнөтүлгөндө аяктайт.

(КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-31)
