# 27-статья. Аткаруу өндүрүшүн токтотуунун негиздери жана кесепеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 27-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-27

---

1. Аткаруу өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда:

1) өндүрүп алуучу өндүрүп алуудан баш тартканда;

2) өндүрүп алуучу менен карызкордун ортосундагы жарашуу келишимин сот бекиткенде;

3) өндүрүп алуучу же карызкор болуп саналган жаран өлгөндө, ал өлдү деп жарыяланганда же дайынсыз жок болду деп таанылганда, эгерде соттун актысы же башка органдын актысы менен талап же милдет өлгөн адамдын укук мурастоочусуна же дайынсыз жок болгон адамдын мүлкүн башкаруучуга өтүшү мүмкүн болбосо;

4) аткаруу документин берүүгө негиз болгон соттун актысы же башка органдын актысы алып салынганда;

5) өндүрүп алуунун ошол түрү үчүн мыйзам менен белгиленген мөөнөттүн эскириши бүткөндө;

6) өндүрүп алуучунун талабын канааттандыруу үчүн жоюлган юридикалык жактын мүлкү жок же жетишсиз болгондо же ал банкрот болду деп жарыяланганда;

7) өндүрүп алуучу аны өндүрүп алуучуга берүү жөнүндө аткаруу документин аткарууда карызкордон алып коюлган мүлктү алуудан баш тартканда токтотулат.

2. Аткаруу өндүрүшү токтотулган учурда аткаруу документи тийиштүү белги коюу менен сотко же ал документти берген башка органга кайра кайтарылат. Муну менен бир эле учурда аткарууну камсыз кылуу чаралары да алып салынат. Ушул статьяда баяндалган негиздер боюнча аткаруу өндүрүшү кайрадан башталышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-28)
