27-статья. Аткаруу өндүрүшүн токтотуунун негиздери жана кесепеттери
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Аткаруу өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда:
1) өндүрүп алуучу өндүрүп алуудан баш тартканда;
2) өндүрүп алуучу менен карызкордун ортосундагы жарашуу келишимин сот бекиткенде;
3) өндүрүп алуучу же карызкор болуп саналган жаран өлгөндө, ал өлдү деп жарыяланганда же дайынсыз жок болду деп таанылганда, эгерде соттун актысы же башка органдын актысы менен талап же милдет өлгөн адамдын укук мурастоочусуна же дайынсыз жок болгон адамдын мүлкүн башкаруучуга өтүшү мүмкүн болбосо;
4) аткаруу документин берүүгө негиз болгон соттун актысы же башка органдын актысы алып салынганда;
5) өндүрүп алуунун ошол түрү үчүн мыйзам менен белгиленген мөөнөттүн эскириши бүткөндө;
6) өндүрүп алуучунун талабын канааттандыруу үчүн жоюлган юридикалык жактын мүлкү жок же жетишсиз болгондо же ал банкрот болду деп жарыяланганда;
7) өндүрүп алуучу аны өндүрүп алуучуга берүү жөнүндө аткаруу документин аткарууда карызкордон алып коюлган мүлктү алуудан баш тартканда токтотулат.
2. Аткаруу өндүрүшү токтотулган учурда аткаруу документи тийиштүү белги коюу менен сотко же ал документти берген башка органга кайра кайтарылат. Муну менен бир эле учурда аткарууну камсыз кылуу чаралары да алып салынат. Ушул статьяда баяндалган негиздер боюнча аткаруу өндүрүшү кайрадан башталышы мүмкүн эмес.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-27" title="27-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>