# 25-статья. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 25-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-25

---

Аткаруу өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда:

1) ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 1- жана 2-пунктчаларында каралган учурларда - карызкордун укук мурастоочусу аныкталганга, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген карызкорго көзөмөлдүк кылуучу же камкордук көрүүчү дайындалганга, карызкор-юридикалык жак кайра уюштурулганга, карызкор-юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим белгиленген тартипте кабыл алынганга, карызкор-юридикалык жак же карызкор жеке ишкерди банкрот болду деп жарыялоого чейин;

2) ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 3-пунктчасында жана 24-статьясынын 2, 3, 4, 6, 7-пунктчаларында каралган учурларда - карызкор же өндүрүп алуучу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн курамында болушу токтолгонго чейин, мамлекеттик милдетти аткарууну аяктаганга чейин, карызкор иш-сапарынан же Кыргыз Республикасынын аймагына кайтып келгенге чейин, стационардык дарылоо мекемесинен чыкканга чейин, карызкорду издөө аяктаганга чейин, өндүрүп алуучудан аткаруу өндүрүшүн кайра баштоо жөнүндө арыз түшкөнгө чейин;

3) ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4, 5, 7-пунктчаларында каралган учурларда - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

4) ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 6-пунктчасында каралган учурда - аткаруу өндүрүшүн токтото турууну алып салуу жөнүндө соттук актыны же башка органдын (кызмат адамынын) актысы чыгарылганга чейин;

5) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 1-пунктчасында каралган учурларда - тийиштүү түшүндүрмө алынганга чейин;

6) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 5-пунктчасында каралган учурларда - даттанууну кароонун натыйжасы боюнча чечим кабыл алынганга чейин токтотула турат.

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-26)
