25-статья. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу мөөнөттөрү
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Аткаруу өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда:
1) ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 1- жана 2-пунктчаларында каралган учурларда - карызкордун укук мурастоочусу аныкталганга, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген карызкорго көзөмөлдүк кылуучу же камкордук көрүүчү дайындалганга, карызкор-юридикалык жак кайра уюштурулганга, карызкор-юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим белгиленген тартипте кабыл алынганга, карызкор-юридикалык жак же карызкор жеке ишкерди банкрот болду деп жарыялоого чейин;
2) ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 3-пунктчасында жана 24-статьясынын 2, 3, 4, 6, 7-пунктчаларында каралган учурларда - карызкор же өндүрүп алуучу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн курамында болушу токтолгонго чейин, мамлекеттик милдетти аткарууну аяктаганга чейин, карызкор иш-сапарынан же Кыргыз Республикасынын аймагына кайтып келгенге чейин, стационардык дарылоо мекемесинен чыкканга чейин, карызкорду издөө аяктаганга чейин, өндүрүп алуучудан аткаруу өндүрүшүн кайра баштоо жөнүндө арыз түшкөнгө чейин;
3) ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4, 5, 7-пунктчаларында каралган учурларда - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;
4) ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 6-пунктчасында каралган учурда - аткаруу өндүрүшүн токтото турууну алып салуу жөнүндө соттук актыны же башка органдын (кызмат адамынын) актысы чыгарылганга чейин;
5) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 1-пунктчасында каралган учурларда - тийиштүү түшүндүрмө алынганга чейин;
6) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 5-пунктчасында каралган учурларда - даттанууну кароонун натыйжасы боюнча чечим кабыл алынганга чейин токтотула турат.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-25" title="25-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>