# 23-статья. Аткаруу өндүрүшүн милдеттүү түрдө токтото туруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 23-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-23

---

Аткаруу өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда:

1) карызкор өлгөндө, ал өлдү деп жарыяланганда же дайынсыз жок болду деп таанылганда, эгерде сот тарабынан белгиленген укуктук мамилелер укук мурастоого жол берсе, ошондой эле карызкор болуп саналган юридикалык жак кайра уюшулганда же анын жоюлушу жөнүндө же юридикалык жактын же жеке ишкердин банкрот болгондугу (кудуретсиздиги) тууралу иш козгоо тууралу мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алынганда;

2) карызкор аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготкондо же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгенде;

3) жоопкер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн согуш аракеттерине катышкан бөлүктөрүндө болгондо же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн күжүрмөн аракеттерге катышкан бөлүктөрүндө турган өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча;

4) эгерде талашып алуу мыйзам менен жол берилсе, карызкор аткаруу документин сот тартибинде талашса;

5) административдик жаза салган органдын (кызмат адамынын) аракетине сотко даттанылса;

6) аткаруу документин берүүгө негиз болгон соттук актыны же башка органдын актысын аткарууну токтото туруу жөнүндө мыйзам менен укук берилген башка органдын (кызмат адамынын) актысы же соттук акт чыгарылганда;

7) аткаруу документи боюнча өндүрүп алуу коюлган мүлктү тизмеден чыгаруу (камактан бошотуу) жөнүндө сотко доо коюлганда милдеттүү түрдө токтотула турат.

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-24)
