# 21-статья. Аткарууга тийиш болгон сот актысын же башка органдын актысын түшүндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 21-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-21

---

1. Аткаруу документинде камтылган талаптар түшүнүксүз болгон учурда соттук аткаруучу аткаруу документин берген сотко же башка органга аткаруу документин берүүгө негиз болгон тийиштүү соттук актыны же башка органдын актысын, ошондой эле мыйзам боюнча аткаруучу документ болуп саналган документти түшүндүрүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

2. Аткаруу документин берген сот же башка орган соттук аткаруучунун арызын ал түшкөн күндөн баштап 10 күндүк мөөнөттө карайт жана зарылчылыгына жараша өзү кабыл алган аткаруу документин берүүгө негиз болгон соттук актыны же башка органдын актысын, ошондой эле мыйзам боюнча аткаруу документи болуп саналган документти алардын мазмунун өзгөртпөстөн түшүндүрүп берет.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-22)
