# 20-статья. Аткаруу документин аткарууга сунуш кылуунун өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 20-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-20

---

1. Аткаруу баракчасын же соттун буйругун аткарууга сунуш кылуу үчүн мөөнөтүн өткөрүп жиберген өндүрүп алуучу өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү арыз менен сот актысын чыгарган же соттук буйрук берген сотко, ал эми нотариустун аткаруу жазуусу боюнча - нотариалдык контора турган жердеги сотко кайрылууга укуктуу. Арыз аткаруу өндүрүшүнө катышкан жактарга заседаниенин орду жана убактысы жөнүндө билдирүү менен соттук заседаниеде каралат. Бирок алардын келбей калышы өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү маселени чечүү үчүн бөгөт болуп саналбайт.

2. Аткаруу баракчасын, соттун буйругун же нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга сунуш кылуу үчүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себебин сот жүйөлүү деп тааныган учурда ал мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.

3. Калган аткаруу документтери боюнча өтүп кеткен мөөнөт калыбына келтирилбейт.

4. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү маселе боюнча соттун актысы мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-21)
