# 19-статья. Аткаруу документин аткарууга сунуш кылуу жөнүндө тыным берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 19-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-19

---

1. Аткаруу документин аткарууга сунуш кылуу мөөнөтүнө төмөнкү учурларда тыным берилет:

1) аткаруу документин аткарууга сунуш кылуу менен;

2) карызкордун аткаруу документин жарым-жартылай аткарышы менен.

2. Тыным берилгенден кийин мөөнөттүн өтүшү кайрадан башталат, ал эми тынымга чейин өткөн убакыт жаңы мөөнөткө кошулбайт.

3. Аткаруу документин толук же жарым-жартылай аткаруу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу өндүрүп алуучуга аны кайра кайтарууда аткаруу документин аткарууга сунуш кылуу мөөнөтү тынымдан кийин аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайра кайтарылган күндөн баштап эсептелет.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-20)
