# 17-статья. Аткаруу документин иш жүргүзүүгө кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 17-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-17

---

1. Аткаруу документи өндүрүп алуучудан же аны берген органдан түшүшү менен соттук аткаруучу документтин ушул Мыйзамдын 16-статьясында белгиленген талаптарга ылайык келишин текшерет, андан кийин аткаруу документи ага түшкөн күндөн баштап үч күндүк мөөнөт ичинде өзүнүн токтому менен аткаруу өндүрүшүн козгойт жана аткаруу документин аткарууга дароо киришет.

2. Документ ушул Мыйзамдын 16-статьясында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда соттук аткаруучу үч күндүк мөөнөттө аны кайра кайтаруу жөнүндө жүйөлүү токтом чыгарат жана ал чыгарылгандан кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу документин токтомдун көчүрмөсү менен бирге аны берген органга жөнөтөт, бул туурасында өндүрүп алуучуга кабар кылат.

3. Кемчиликтери четтетилгенден кийин соттук аткаруучуга келип түшкөн аткаруу документи берилген күн, ал экинчи ирет келип түшкөн күн деп эсептелет.

4. Кайра кайтаруу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн кемчиликтер четтетилбестен түшкөн аткаруу документи берилди деп эсептелбейт жана аны жөнөткөн жакка жана органга кайра кайтарылат.

5. Аткарууга сунуш кылуу мөөнөтү өтүп кеткен аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайра кайтарылат, аткаруу өндүрүшү козголбойт, бул туурасында соттук аткаруучу аткаруу документи келип түшкөн күндөн баштап үч күндүк мөөнөттө токтом чыгарат, өндүрүп алуучуга же анын өкүлүнө билдирет жана аларга өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү арыз менен сотко кайрылууга алардын укугу бар экендигин түшүндүрөт.

6. Аткарууга берүүнүн өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүүгө сот тарабынан баш тартылган аткаруу документи соттук аткаруучу тарабынан кабыл алынбайт.

---

Мурунку берене: [161-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-161)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-18)
