# 161-статья. Алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлордун маалымат базасы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 марта 2017 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111548)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/994#diff=885807..885808>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 161-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-161

---

1. Сот департаменти алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлор жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат базасын, анын ичинде электрондук түрдө түзөт жана жүргүзөт.

2. Маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу тарабынан аныкталат.

3. Маалымат базасында камтылган төмөнкү маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп саналат:

1) аткаруу документинин түрү, анын номери, аткаруу документин берген органдын аталышы;

2) аткаруу өндүрүшүн козгоо датасы;

3) аткаруу өндүрүшүнүн номери;

4) карызкор жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туулган жери, фотосүрөтү);

5) аткаруу документи боюнча жоюлбаган карыздын суммасы;

6) аткаруу өндүрүшүн козгогон (жүргүзүп жаткан) соттук аткаруучу бөлүмүнүн аталышы жана дареги;

7) карызкорду, анын мүлкүн издөөнү жарыялоо жөнүндө маалыматтар.

4. Ушул статьянын 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар аткаруу өндүрүшү бүткөн же токтогон күнгө чейин жалпыга жеткиликтүү болуп саналат жана Сот департаментинин расмий интернет-сайтына жарыяланат.

5. Ушул статьянын 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар өндүрүп алуучунун макулдугу менен жарыяланат.

(КР 2017-жылдын 2-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-16)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-17)
