# 16-статья. Аткаруу документтерине коюлуучу талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 октября 2014 года № 148 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205369)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/994#diff=885802..885803>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 16-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-16

---

1. Төмөнкүлөр:

1) аткаруу документин берген соттун же башка органдын аталышы;

2) аткаруу документи берилген иш же материал жана алардын номерлери;

3) аткарылууга тийиш болгон соттук акты же башка органдын актысы кабыл алынган күн;

4) өндүрүп алуучу-уюмдун жана карызкор-уюмдун аталышы, алардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери; өндүрүп алуучу-жарандын жана карызкор-жарандын фамилиясы, аты-жөнү, алардын жашаган жери, карызкор-жарандын туулган күнү жана жери, иштеген жери;

5) соттук актынын же башка органдын актысынын корутунду бөлүгү;

6) соттук акты же башка органдын актысы күчүнө кирген күн;

7) аткаруу документи берилген күн жана аны аткарууга берүүнүн мөөнөтү аткаруу документтеринде сөзсүз түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.

Алимент өндүрүп алуу жөнүндө иштер боюнча аткаруу документинде алимент чегерилген баланын аты жана туулган күнү көрсөтүлөт.

2. Аткаруу баракчасына судья кол коет жана соттун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Башка органдын актысынын негизинде берилген аткаруу документине ал органдын кызмат адамы, ал эми мыйзамда белгиленген учурда - аткаруу документин жазган адам кол коет. Аткаруу документи аны берген органдын же адамдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

3. Соттук буйруктун мазмуну, аны толтуруунун жана берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык процесстик кодекси менен аныкталат.

4. Ушул статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн аткаруу документине талаптар санкцияланбаган митингдердин, жолдорду тосуунун жана имараттарды жана курулмаларды басып алуунун мыйзамсыздыгы жана тыюу салынгандыгы жөнүндө соттук актылардын негизинде берилген аткаруу документтерине жайылтылбайт.

(КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-15)  
Кийинки берене: [161-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-161)
