# 15-статья. Аткаруу документтеринин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 15-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-15

---

1. Төмөнкүлөр:

1) соттордун чечимдеринин, өкүмдөрүнүн, аныктамаларынын жана токтомдорунун, сот бекиткен жарашуу макулдашууларынын, эл аралык жана чет өлкөлүк соттордун жана арбитраждардын чечимдеринин негизинде соттор берген аткаруу барактары;

2) соттук буйруктар;

3) доону камсыз кылуу тартибинде чыгарылган соттун аныктамалары;

4) нотариалдык органдардын аткаруу жазуулары;

5) төлөмөрдүн эсебинде акча каражаттары жок экендиги жөнүндө банктардын жана башка кредиттик мекемелердин белгиси коюлган инкассалык тапшырмалар;

6) өспүрүмдөрдүн иши боюнча акча өндүрүп алуу жөнүндөгү комиссиялар берген токтомдор;

7) административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароого ыйгарым укуктуу органдар (кызмат адамдары) чыгарган токтомдор;

8) эмгектик талаштар боюнча комиссиялардын жана кесиптик бирликтер органдарынын чечимдеринин негизинде берилген күбөлүктөр;

9) турак-жай бөлмөсүн уруксаты жок ээлеп алган же ураганы калган үйлөрдө жашаган жарандарды административдик тартипте көчүрүү жөнүндө прокурордун токтому;

10) мыйзамда каралган учурда башка органдардын актылары аткаруу документтери болуп саналат.

2. Аткаруу документинин түп нускасы жоголгон учурда сот же жоголгон аткаруу документин берүүгө негиз болгон акт чыгарган башка орган дубликат бере алат.

Көчүрмөлөр аткаруу документтери болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-16)
