# 14-статья. Соттук аткаруучунун токтому

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 14-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-14

---

1. Ушул Мыйзамда каралган учурларда соттук аткаруучу тийиштүү токтом чыгарат.

2. Токтомдо:

1) токтом чыгарылган күн жана жер;

2) токтом чыгарган соттук аткаруучунун кызматы, фамилиясы, аты-жөнү;

3) токтом чыгарууга негиз болгон аткаруу өндүрүшү;

4) каралып жаткан маселенин маңызы;

5) мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга таянуу менен чечим чыгаруунун негиздемеси, ошондой эле чечим чыгарууда соттук аткаруучу жетекчиликке алган документ;

6) каралып жаткан маселе боюнча тыянак;

7) токтомго даттануунун тартиби жана мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Соттук аткаруучунун токтому жогорку турган соттук аткаруучуга же сотко аны менен таанышуу же аны чыгаруу жөнүндө маалымдоо алынган учурдан баштап он күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-15)
