# 13-статья. Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусунун жана областтын башкы соттук аткаруучусунун ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 13-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-13

---

Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу жана областтын башкы соттук аткаруучусу:

1) төмөн турган соттук аткаруучулардан аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын, документтерди жана аткаруу документтерин аткаруунун жүрүшүндөгү башка маалыматтарды текшерүү үчүн талап кылууга;

2) аткаруу өндүрүшү боюнча тигил же бул аткаруу иш-аракеттери жөнүндө кат жүзүндө көрсөтмө берүүгө;

3) ушул Мыйзамда каралган учурларда соттук аткаруучулардын токтомдорун бекитүүгө, ошондой эле алардын мыйзамсыз жана негизсиз токтомдорун алып салып, жаңыларын чыгарууга;

4) аткаруу өндүрүшүнө катышууга жана зарыл болгон учурда айрым аткаруу иш-аракеттерин жеке жүргүзүүгө же аткаруу документтерин толук көлөмүндө аткарууга катышууга, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу өз карамагына ар кандай аткаруу документтерин, областтардын башкы соттук аткаруучулары - тийиштүү областтын аймагында аткарылууга тийиш болгон аткаруу документтерин аткарууга кабыл алууга укуктуу;

5) аткаруу өндүрүшүнүн маселелерин камсыз кылуу үчүн аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын бир соттук аткаруучудан (соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнөн) алып жана башка соттук аткаруучуга (соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө) берүүгө;

6) аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө соттук аткаруучу мыйзамды бузууга жол берген учурларда аны аткаруу өндүрүшүн андан ары жүргүзүүдөн четтетүүгө;

7) соттук аткаруучулардын иш-аракетине даттанууларды кароого;

8) ушул Мыйзамда каралган соттук аткаруучулардын башка укуктарын жана милдеттерин пайдаланууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-14)
