11-статья. Аткаруу өндүрүшүнүн органдары
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 марта 2015 года № 57
1. Сот актыларын жана Кыргыз Республикасынын башка органдарынын актыларын аткаруу чыгымдар сметасынын чектеринде Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча Сот департаментинин директорунун сунуштамасы боюнча саны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан аныкталган соттук аткаруучуларга жүктөлөт.
2. Башка органдар, уюмдар жана кызмат адамдары аткаруу иш-аракеттерин ал жөнүндө мыйзамда тике көрсөтүлгөнгө жараша, болбосо соттук аткаруучунун талабы боюнча жүргүзүшөт.
3. Мыйзамда каралган учурларда соттук актыларды жана башка органдардын актыларын аткаруу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен жүргүзүлөт.
4. Соттук актылардын жана башка органдардын актыларынын акча каражаттарын өндүрүп алуу жөнүндөгү талабы камтылган аткаруу документтери, эгерде өндүрүп алуучуда карызкордун эсеби бар экендиги жөнүндө жана анда акча каражаттары бар экендиги тууралу маалымат болсо, өндүрүп алуучу тарабынан ал түздөн-түз банкка же башка финансы-кредиттик уюмга, болбосо ушул Мыйзамда каралган тартипте аткартуу үчүн соттук аткаруучуга жөнөтүлүшү мүмкүн.
Карызкордун эсебин тейлеген банк же башка финансылык-кредиттик уюм өндүрүп алуучудан же соттук аткаруучудан аткаруу документи алынган күндөн баштап үч күндүк мөөнөттө аткаруу документинде камтылган акча каражатын өндүрүп алуу жөнүндөгү талапты аткарат, болбосо карызкордун эсебинде өндүрүп алуучунун талабын канааттандыруу үчүн жетиштүү акча каражаты жок болгондугуна байланыштуу аталган талапты толук же жарым-жартылай аткаруу жөнүндө белги коет. (КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-11" title="11-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>