# 9-статья. СПАнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/993)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 15-мартындагы № 38 "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-943/edition/1237099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/993/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө, 9-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-9

---

СПАнын мүчөлөрү:

а) СПА тарабынан бөлүштүрүлүүчү сугат суусунан адилеттүү жана бирдей үлүштү алууга;

б) СПАнын чечимдерин кабыл алуу процессине катышууга;

в) СПАнын ишине байланыштуу талап кылынган бардык чыгымдарды төлөгөн шарттарда жалпы чогулуштарда добуш берүүгө;

г) жалпы чогулуштардын күн тартибине аларды талкуулоо үчүн маселелерди киргизүүгө;

д) СПАнын башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлерди сунуш кылууга жана аларга шайланууга;

е) СПА тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан кызматтардан пайдаланууга;

ж) СПАнын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу боюнча тейлөөнүн жана пайдалануунун натыйжасында алардын жер участогуна келтирилген же алардын айыл чарба өсүмдүктөрүнө келтирилген зыяндардын ордун толтурууга;

з) ушул Мыйзамдын 26-статьясына ылайык жүзөгө ашыруу каралган бухгалтердик эсептин документтерин жана отчеттуулукту текшерүүгө укуктуу.

СПАнын мүчөлөрүнүн укуктары бузулган учурда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана СПАнын уставында белгиленген тартипте жана аларга ылайык аларды коргоо тууралу кайрылууга укуктуу. СПАнын мүчөлөрү:

а) СПАнын уставынын жана жалпы чогулуш тарабынан кабыл алынган башка ар кандай ички актынын жоболорун сактоого;

б) СПАга СПАнын уставында каралган төгүмдөрдү өз убагында төгүп турууга;

в) сугаруунун графиктерин сактоого жана сугат суусун аларга ылайык алып турууга;

г) СПА тарабынан пайдаланылган жана ага таандык болгон жабдууларга аяр мамилеге кепил болууга;

д) атайылап жасалган же этиятсыз аракеттин же аракетсиздиктин натыйжасында зыян келтирилген СПАнын жабдууларынын тетиктерин оңдоону же алмаштыруу боюнча чыгымдарды төлөп берүүгө;

е) өздөрү жерди же сууну пайдалангандыгы боюнча СПАны маалымат менен камсыз кылууга;

ж) сугат тутумдарынын туруктуу ишин камсыз кылуу үчүн СПАга жер участокторунда жайгашкан жана алардын ээлигинде же пайдалануусунда болгон түтүктөрдү, каналдарды, гидранттарды же башка гидротехникалык жабдууларды пайдаланууга уруксат берүүгө;

з) СПАнын кызматкерлерине сугат тутумдарын пайдалануу жана күтүү боюнча жумуштарды аткаруу үчүн алардын жер участокторуна барууга мүмкүнчүлүк берүүгө;

и) СПАнын жалпы чогулушунда же СПАнын Кеңеши тарабынан белгиленген сугат тутумдарын пайдалануусу боюнча бардык эрежелерди сактоого милдеттүү.

СПАнын уставында СПАнын уставынын жана анын ички ченемдик актыларынын жоболорун бузган анын мүчөлөрүнө санкцияларды колдонууну караган жоболор каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-10)
