# 7-статья. СПАнын уюштуруу документтери

- Документ: [Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/993)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 15-мартындагы № 38 "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-943/edition/1237099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/993/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө, 7-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-7

---

1. СПАнын уюштуруу келишими жана уставы СПАнын уюштуруу документтери болуп эсептелет.

2. СПАнын уюштуруу келишимине анын бардык уюштуруучулары кол коет. СПАнын уставына уюштуруу чогулушунун төрагасы кол коет.

3. Уставда төмөндөгү жоболор:

1) СПАнын аталышы;

2) СПАнын турган жери;

3) СПАнын тейлөө аймагынын баяндалышы, анын ичинде пландар жана карталар;

4) СПАнын ишинин предмети жана максаты;

5) СПАнын курамы жана башкаруу органдарынын компетенциясы;

6) СПАнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;

7) СПАга кирүүнүн тартиби, СПАнын мүчөлүгүн токтотуунун негиздери жана тартиби;

8) СПАнын жалпы чогулушун чакыруу үчүн жол-жоболор;

9) СПАга төгүмдөрдү белгилөө жөнүндө жоболор;

10) СПАнын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги;

11) СПАнын тейлөөсүнүн кесепетинен айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана жер участокторуна келтирилген зыянды СПАнын мүчөлөрүнө ордун толтуруп берүүнүн тартиптери жана булактары;

12) СПАнын ишин токтотуунун (кайра уюштуруунун жана жоюунун) шарттары камтылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-8)
