# 4-статья. СПАнын иши

- Документ: [Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/993)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 15-мартындагы № 38 "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-943/edition/1237099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/993/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө, 4-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-4

---

СПА ушул Мыйзамда каралган жана СПАнын максаты менен милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүүчү иштин түрлөрүн жүзөгө ашырат. СПАнын ишинин негизине төмөндөгү принциптер коюлушу мүмкүн: СПАнын бардык мүчөлөрүнүн СПАны түзүүдө жана башкарууда толук катышуусун камсыз кылуу; СПАда адилеттүү жана демократиялуу чечимдерди кабыл алуу; СПАнын иши жөнүндө анын мүчөлөрү үчүн маалыматка эркин жетүү мүмкүнчүлүгүн кепилдикке алуу; СПАнын бардык мүчөлөрү үчүн сууну адилеттүү жана бирдей бөлүштүрүү кепилдигин камсыз кылуу; сууну сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланууну камсыз кылуу, өндүрүмдүү эмес коромжулуктарды кыскартуу, жерлердин эрозияга учурашын жана шорго айланышын болтурбай коюу, жерлердин өтө нымдалышына жол бербөө; экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жер участокторунун менчик ээлери менен жерди пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын сактоо. II Глава СПАга мүчө болуу жана аны түзүү

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-5)
