# 3-статья. СПАнын максаты жана милдеттери

- Документ: [Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/993)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 15-мартындагы № 38 "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2013 года № 46 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об объединениях (ассоциациях) водопользователей"](https://aqlex.ai/kg/doc/203853)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/993#diff=1237099..1237100>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-943/edition/1237099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/993/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө, 3-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-3

---

1. СПА ушул Мыйзамга ылайык белгилүү айрым сугат тутумун пайдалануу жана күтүү максатында, айыл чарба багытындагы жерлердин менчик ээлерин жана аларды пайдалануучуларды сугат суусу менен камсыз кылууда коомдун кызыкчылыгы үчүн аракеттенген коммерциялык эмес уюм катары түзүлөт.

2. Төмөндөгүлөр:

- СПА тейлеген зонанын ичиндеги сугат тутумун пайдалануу жана күтүү, ар жылкы макулдашуулардын негизинде СПАнын мүчөлөрүнүн ортосунда сууну бөлүштүрүү;

- СПА тейлеген зонанын ичиндеги сугат жерлерге ээлик кылган же пайдаланган, СПАнын мүчөлөрү болуп эсептелбеген жактарга сууну келишимдик шарттарда бөлүштүрүү;

- СПА тейлеген зонанын ичиндеги сугат тутумдарын калыбына келтирүү жана жакшыртуу, зарылдыгына жараша курулуш иштерин жүзөгө ашыруу;

- сууну берүүгө контракттын негизинде сууну берип туруучудан сугат сууну алуу же алынган лицензияга ылайык табигый суу объекттеринен (дарыялардан, көлдөрдөн жана жер алдындагы булактардан) сууну өз алдынча топтоону жана СПАнын тейлеген зонасынын ичинде сууну пайдаланууну жана бөлүштүрүүнү жөнгө салууну белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу;

- гидротехникалык жабдууларды сатып алуу, алмаштыруу, пайдалануу жана күтүү;

- суунун булганышын болтурбай коюу;

- жерлердин сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

- СПАнын мүчөлөрүн сугаттын прогрессивдүү ыкмаларына окутуу жана жаңы усулдар менен технологияларды пайдаланууну камсыз кылуу СПАнын негизги милдеттери болуп саналат.

(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-4)
