Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-статья. СПАнын максаты жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 27.06.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2025 года № 129.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 марта 2013 года № 46
1. СПА ушул Мыйзамга ылайык белгилүү айрым сугат тутумун пайдалануу жана күтүү максатында, айыл чарба багытындагы жерлердин менчик ээлерин жана аларды пайдалануучуларды сугат суусу менен камсыз кылууда коомдун кызыкчылыгы үчүн аракеттенген коммерциялык эмес уюм катары түзүлөт.
2. Төмөндөгүлөр:
- СПА тейлеген зонанын ичиндеги сугат тутумун пайдалануу жана күтүү, ар жылкы макулдашуулардын негизинде СПАнын мүчөлөрүнүн ортосунда сууну бөлүштүрүү;
- СПА тейлеген зонанын ичиндеги сугат жерлерге ээлик кылган же пайдаланган, СПАнын мүчөлөрү болуп эсептелбеген жактарга сууну келишимдик шарттарда бөлүштүрүү;
- СПА тейлеген зонанын ичиндеги сугат тутумдарын калыбына келтирүү жана жакшыртуу, зарылдыгына жараша курулуш иштерин жүзөгө ашыруу;
- сууну берүүгө контракттын негизинде сууну берип туруучудан сугат сууну алуу же алынган лицензияга ылайык табигый суу объекттеринен (дарыялардан, көлдөрдөн жана жер алдындагы булактардан) сууну өз алдынча топтоону жана СПАнын тейлеген зонасынын ичинде сууну пайдаланууну жана бөлүштүрүүнү жөнгө салууну белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу;
- гидротехникалык жабдууларды сатып алуу, алмаштыруу, пайдалануу жана күтүү;
- суунун булганышын болтурбай коюу;
- жерлердин сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- СПАнын мүчөлөрүн сугаттын прогрессивдүү ыкмаларына окутуу жана жаңы усулдар менен технологияларды пайдаланууну камсыз кылуу СПАнын негизги милдеттери болуп саналат.
(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/993/st-3" title="3-статья - Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>