# 271-статья. СПАнын жана СПА бирлигинин ишин колдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу

- Документ: [Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/993)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 15-мартындагы № 38 "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 декабря 2021 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Водный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об объединениях (ассоциациях) водопользователей и союзах ассоциаций водопользователей")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112329)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/993#diff=1237100..1237101>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-943/edition/1237099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/993/st-271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө, 271-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-271

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, СПАнын жана СПА бирлигинин өнөктөштүгү тиешелүү маселени жергиликтүү маанидеги маселе катары тиешелүү жергиликтүү коомдоштуктун чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү коомдоштуктардын уставдарына киргизген учурда ирригацияны өнүктүрүү боюнча милдеттерди биргелешип чечүүгө негизделет.

2. Ушул статьянын 1-пунктунун жобосу сакталган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:

- муниципалдык менчикте турган суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө каржылоону бөлүүгө;

- юридикалык, бухгалтердик жана техникалык маселелер боюнча, ошондой эле ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы боюнча сууну пайдалануучулардан карызды өндүрүп алуу маселелери боюнча жана мыйзамда каралган учурларда аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча СПАга жана СПА бирлигине консультация берүүнү камсыз кылууга жана жардам көрсөтүүгө;

- муниципалдык менчиктеги суу чарба объекттерин СПАнын пайдалануусуна жана башкаруусуна өткөрүп берүүгө;

- ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркын СПА менен же, СПА жок болгон учурда, башка жак менен макулдашууга.

(КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151 Мыйзамынын редакцияcына ылайык) VI Глава Корутунду жоболор

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-27)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-28)
