# 27-статья. СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо

- Документ: [Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/993)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 15-мартындагы № 38 "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521); 10.12.2021 [Закон КР от 10 декабря 2021 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Водный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об объединениях (ассоциациях) водопользователей и союзах ассоциаций водопользователей")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112329); 30.03.2013 [Закон КР от 30 марта 2013 года № 46 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об объединениях (ассоциациях) водопользователей"](https://aqlex.ai/kg/doc/203853)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/993#diff=1237101..1237102>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-943/edition/1237099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/993/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө, 27-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-27

---

СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан СПАнын ишин координациялоо, колдоо жана контролдоо боюнча функциялар жүктөлгөн жөнгө салуучу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин координациялоо, колдоо жана көзөмөлдөө боюнча өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн СПАнын жөнгө салуучу органы төмөнкүлөргө укуктуу:

- СПАнын мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга же текшерүү жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудиторлорду тартууга;

- СПАнын жана СПАнын бирликтеринин белгиленген үлгүдөгү реестрин жүргүзүүгө;

- мамлекеттик, муниципалдык менчикте турган суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого (күтүүгө жана капиталдык оңдоого) субсидия түрүндө каржылоону бөлүүгө;

- СПАга жана СПАнын бирликтерине юридикалык, бухгалтердик жана техникалык маселелер боюнча кеңеш берүүнү жана жардам берүүнү камсыз кылууга;

- белгиленген тартипте магистралдык сугат тутумунун тийиштүү бөлүгүн СПАнын бирликтерине пайдаланууга жана башкарууга өткөрүп берүүгө;

- ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка милдеттерди аткарууга.

СПАнын жана СПАнын бирликтеринин жетекчи адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчеттордун туура эместиги жана өз убагында берилбегендиги үчүн жоопкерчилик тартышат. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-мартындагы № 46, 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [264-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-264)  
Кийинки берене: [271-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-271)
